Тест нускамасы

Оң жыйынтык
Бул тесттин жыйынтыгы оң болсо, сизде АИВ бар дегенди билдирбейт – бул болжолдуу жыйынтык, эң негизгиси Бишкек жана Ош шаарларындагы ЖИКСке каршы күрөшүү жана алдын алуу борборлорунда текшерүүдөн өтүү керек.
Терс жыйынтык
Бул тесттин жыйынтыгы терс болгон учурда, акыркы жугузуп алуу коркунучунан 3 ай өтө элек болсо, сизде АИВ жок дегенди билдирбейт.
Тестти кайсыл убакытта тапшыруу керек?
Эгерде тесттин жыйынтыгы терс болсо, ал эми сиз АИВти жугузуп алуу коркунучуна көп учурасаңыз, текшерүүдөн да улам өтүп туруу керек.
Кошумча
Буйуртма менен алынган тестти колдонуу жана анын жыйынтыгы, АИВти жугузуп алуу тобокелчилигин жогорулатуучу иш-аракетке карата чечимдерди кабыл алуу үчүн сунушталбайт.

КОШУМЧА

Бардык кошумча маалыматты тест топтому менен кошо берилген баракчадан табууга болот. 

Тестти жасоодон мурун

Ora Quick АИВ тестин жасоодон мурун бир нече маанилүү кадамдарды аткаруу керек. АИВ тестин тапшырууда айрым адамдар тынчсыздануу сезимине дуушар болушат. Тестти өз алдынча жасоого даяр эмес болсоңуз, тынчсыздануу  сезими өткөндөн кийин жасасаңыз болот. Бишкек жана Ош шаарларында ЖИКСке каршы күрөшүү жана алдын алуу борборлорундагы медицина адисине кайрылсаңыз болот (SELFTEST өз алдынча тест топтомунда адистин визиткасы бар).

Төмөнкүучурларгакөңүлбуруңуз:

20 мүнөт сизди эч ким тынчсыздандырбай турган, жарык жерди табыңыз.

Тест жасоодон мурун шашпай SELFTEST топтомундагы нускаманы кылдаттык менен окуп чыгыңыз. Биздин сунуштарга кылдат мамиле кылуу тест жасоонун каталарын алдын алууга жардам берет. 

20 мүнөттү (тест система иштеген убакыт) эсептөө үчүн секунда өлчөгүч же саатыңыз болсун.

Долбоордун  телефонуна чалып, кошумча маалымат алуу үчүн мүмкүнчүлүгүңүз болуш керек.

Башка маанилүүмаалымат:

Бул тестти колдонуу үчүн жашыңыз 18ден жогору болушу керек.

АИВ сизде бар болсо, же АИВти дарылоо үчүн антиретровирустук терапиядан өтүп жатсаңыз,  Ora Quick тестин жасоонун кереги жок.

Тестти төмөнкү учурларда колдонууга болбойт:

Тесттин таңгагы ачылган же жабыркаган болсо.

Тесттин жарамдуулук мөөнөтү өтүп кетсе.

Талап кылынган температурада сакталбаган учурда.

Суроолор боюнча жана тестке буйрутма берүү үчүн Whatsapp же телефон аркылуу байланышсаңыз болот:
+996 (774) 420982 - Бишкек ш., +996 (774) 420951 - Ош ш.